Алдамчылыкка шектелген адам кармалды

Бул туурасындат Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Булак кж редакциясына билдирди.

Аламудун РИИБнө алдамчылык фактысы боюнчка арыз менен Д.Т. аттуу жаран
кайрылып, белгисиз адамга чара көрүүнү суранган, анткени ал ишенимине
кирип, анын 18 000 сомдук «Редми» телефонун алдоо жолу менен ээлеп
алган.


Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын негизинде Аламүдүн
РИИБне катталган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталган.


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш
иликтөө кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан
мурда соттолгон С.Т 1997-жылы туулган жаран аныкталып, РИИБге
жеткирилген.


Тергөө иштери уланууда.