
Globalpetrolprices.com сайты күйүүчү майдын эл аралык рейтингин жарыялады.
Ага ылайык, 55 өлкөнүн ичинен Кыргыз Республикасы суюлтулган газдын баасынын төмөндүгү боюнча 6-орунда турат.
«Дүйнөдө суюлтулган газдын 1 литринин орточо баасы 0,78 АКШ долларды түзсө, Кыргызстанда 0,419 долларды түзөт. Суюлтулган газдын орточо баасы литрине 0,399 долларды түзгөн Россия Федерациясы 5-орунда. Ал эми 7-орунда турган Белоруссияда газдын баасы — 0,476 долларды түзөт», — деп берилет маалыматта.
Акыркы жылдары өлкөдө суюлтулган газга болгон суроо-талап жогору болгондуктан, керектөөнүн көлөмү өсүп, 2021-жылы 66 миң тоннадан ашкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда суюлтулган газды 65 миң унаа ээлери колдонот.