Сот Жоомарт Оторбаевди күнөөлүү деп тапты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 30-декабрындагы өкүмү менен Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Сот аны 3000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 300 миң сом айыпка жыкты.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда «Кумтөр» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 18-сентябрда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Андан соң 20-ноябрда сыртка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулган.

Жактоочу Нурлан Сыдыков билдирген маалымат боюнча, Ж.Оторбаев ал өкмөттү жетектеп турганда Жогорку Кеңеш документтерди кайра иштеп чыгууга жөнөткөндүктөн тагылып жаткан айыпты мойнуна алган эмес. Сөз Суу кодекси жана мөңгүлөр жөнүндөгү мыйзам долбоору тууралуу болууда.