Казакстанда дагы бир кыргыз жараны каза болгон

Казакстандагы башаламандык учурунда дагы бир кыргызстандык жаран каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыргыз жаранынын туугандары менен байланышып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Буга чейин Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген кыргыз жараны Азиз Мусаев каза болгону белгилүү болгон.

Атайын кызмат 10-январга карата Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганы аныкталганын, музыкант Викрам Рузахунов бошотулганын билдирди.