
Бишкекте куткаруучулар оңдоп жаткан унаасы басып калган жаранды куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-январда Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунун Кербез көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 1985-жылы туулган А.А аттуу эркек киши Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны оңдоп жаткан учурда домкраты бузулуп, басып калган.
«5 куткаруучу ыкчам түрдө жерине барып, жардам көрсөтүү менен адам өмүрүн сактап калышты»,-деп айтылат маалыматта.
Жабыркаган жаранды куткаруучулар Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен, абалы оор.