Ысык-Көлдө 5-7-январь күндөрү “ART and COOL — KARAKOL” эл аралык кышкы жарманкеси болот

Ысык-Көлдө 5-7-январь күндөрү ART and COOL — KARAKOL аталышындагы эл аралык кышкы жарманке уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкеге жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн, ошол аймактын тургундарынын колунан чыккан продукциялары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери эс алуучуларга сунушталат.

Андан сырткары, кышкы туризм боюнча сүрөт көргөзмө уюштурулуп, концерттик программа менен коштолору айтылды.

Саамалык Каракол шаарынын 2022-жылы «Шериктештиктин маданий борбору» макамын алышына карата уюштурулууда.