Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кенине барды

 Садыр Жапаров бүгүн, 2-январда, «Кумтөр» алтын кенине барып, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү.

dos 8252 Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кенине барды

Мындан тышкары, Садыр Жапаров борбордук карьерди карап чыкты, анын түбүндө, мурда айтылгандай, болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгон делген. Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды.

Кенге болгон сапардын жүрүшүндө канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “КГК” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди.

Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты.

«Кумтөр” өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү», — деп белгиледи Жапаров.

dos 7957 Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кенине барды