Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыгып, 3 бала каза болду

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн катталды. Өзгөчө кырдаал министрлигине Күндүз Ак-Суу районунун Каракол айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:16да 1 бөлүм тартылгып, өрт саат 16:20да чектөөгө алынды. Өрттүн кесепетинен 3 бала (2018-жылы туулган М.И., 2015-жылы туулган М.А. (кыздар) жана 2016-жылы туулган М.Ю. аттуу бала) каза болушту.

Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.