Депутат: Ак үйдүн ашканасында бир жакшы тамагы жок

Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Ак үйдөгү абалга нааразы болду.

«Катуу тийсе кечирим сурайм. Мени да эмне иренжитти? Түштөнүү үчүн тамактанууга түшсөк ажатканасында кагазы жок, ашканасына кирсең эшиги мээге соккондой ачылып-жабылат экен, ичинде бир жакшы тамагы жок. Бул эмне деген Ак үй, биз бул жерге биринчи жолу кирип жатабыз. Эгер өзүбүздүн чарбалык иштерибиз ушул болуп жаткан болсо, эртең мамлекеттин акыбалы кандай болот?», — деди Коргонбай уулу.