Вице-мэр журналист Улукбек Карыбек уулунун үстүнөн арыз жазды

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов журналист Улукбек Карыбек уулунун үстүнөн арыз жазды. Маалыматты социалдык баракчасында Улукбек Карыбек уулу тастыктады.

243413 w h500 1640772670 r Вице-мэр журналист Улукбек Карыбек уулунун үстүнөн арыз жазды

Анын айтымында, ал борбор калаадагы унаа токтотуучу жайлардагы коррупциялык схемаларды иликтеп, бардык жагдайларды тактоо үчүн унаа токтоочу жайдын кызматкерлери менен вице-мэрге барган. Вице-мэр анын кийимин тытып салгандыгы боюнча арыз жазган. Буга журналист бардык тастыктоочу видео бар экендигин кошумчалады.

Эске салсак, бир нече кун мурун журналист парковка маселесин эл алдына видео аркылуу алып чыккан.