ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку балдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты


Ар бир өлкөнүн тартибин, жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда милиция кызматкерлери өз милдеттерин кынтыксыз аткаруу менен бирге ар кандай иш-чараларда активдүү катышып, кайрымдуулук иштерин да көргөзүп келет.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 12.00.22 ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку балдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты

Алсак, 28-декабрь күнү ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, тарбиялануучуларына кийимдерди, белектерди, зарыл болгон керектүү буюмдарды тапшырышты. ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан даярдалган концерт уюштурулуп балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты. Өз сѳзүндѳ полктун командиринин орун басары, штаб-башчысы Н.Камчиев балдарды жана жалпы балдар мекемесинин жааматын келе жаткан Жаңы жылы менен жылуу куттуктап, ар бир балага ден-соолук тилеп, мугалимдерине ыраазычылык билдирди.


Андан соң, полктун кызматкерлери балдар үйүнүн тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концертке күбѳ болушту. Аталган мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелген 209 бала жашайт. Өз кезегинде аталган интернаттын жетекчилиги ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана жана өздүк курамына терең ыраазычылыктарын билдиришти.


Андан сырткары, полктун кызматкерлери Аяз атанын коштоосунда мамлекетибиздин бейпилдиги үчүн кылмыштуулук менен күрөшүүдө, өз өмүрлөрүн аябай кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин балдарын Жаңы жылы менен куттуктап, жаңы жылдык белектерди тапшырып келишти.
Ушундай эле жардам ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жер-жерлердеги бөлүктөрүндө да көрсөтүлүүдѳ.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 12.00.23 ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку балдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты
WhatsApp Image 2021 12 28 at 12.00.23 1 1 ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку балдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты
WhatsApp Image 2021 12 28 at 12.00.25 ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку балдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты
WhatsApp Image 2021 12 28 at 12.00.22 1 ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку балдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты


ИИМдин ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы