Исхак Масалиев: Өлкө башчы кой союп, мейманкана бузгандан башка эч нерсе кылбаса, ага кол чаап деле кереги жок

Президент Садыр Жапаров 25-декабрь күнү министрлер кабинетинин ачык форматтагы жыйынында бир жылдык иши тууралуу отчет берди. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер болуп Жогорку Кеңешке өткөн Исхак Масалиев өз оюн билдирди.

“Мамлекет башчы бир жылдык иши тууралуу отчет бергенде мен түшүнбөй калдым, бул президенттин отчетубу же Акылбек Жапаровдунбу? Министрлер кабинетинин төрагасы бюджетке кошумча 9 млрд сом түштү деп мактанды.

Ооба, алардын ниеттери жакшы, бирок ийгиликтери тууралуу айтууга азырынча болбойт. Мыйзамсыздык дагы да уланып жатат. Мындай мисалдардын бири “Ысык-Көл” мейманканасынын бузулуп жатышы. Бул сымал имаратты талкалоого болбойт, кимдир бирөө бул иштерди өз максаты үчүн колдонуп жаткандай туюлууда.

Албетте, ким менен иштөө керектигин президент өзү билет, өкүндүргөнү анын Акылбек Жапаровго ишенгени болуп жатат.

Менде келечекке карай оптимисттик көз караштагы прогноздор жок, алардын кимиси ким экенин түшүнө албай турам. Президенттин отчетун катарлаш түрдө министрлер кабинетинин жетекчиси өтүп жатканын биринчи көрүшүм. Мындай көрүнүш эч качан болгон эмес, алгач Садыр Жапаров жалгыз өзү эле сүйлөй турганы белгиленген. Демек, президенттен кийин өзүнүн эле администрациясынан болгон Акылбек Жапаровдун сүйлөгөнү, мен үчүн конференциянын маанисин жоготту. Өлкө башчынын жетишкендиктеринин бардыгын төрага өзүнө алгысы келип жаткандай сезилет экен. Бул этикага туура келбеген көрүнүш, анткени алар бир команда эмеспи.

Жыйындын башкы мааниси алдыда бардыгы жакшы болот деген үмүткө байланыштуу жүрдү. Мен айтып жаткан прогноздордун бардыгы туура эмес чыгып калса экен… Бирок, өлкө башчы кой союп, мейманкананы талкалагандан башка эч нерсе кыла албаса, анда ага алакан менен кол чаап деле кереги жок”.