Калмаматов: Эч кимге каршы көрсөтмө берген эмесмин

Камактагы экс-депутат Бактыбек Калмаматов «бийлик менен сүйлөшүп, Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев жана Жылдыз Жолдошевага карата каршы көрсөтмө берүүдө» деген маалыматтарды четке кагып кат жолдоду.

269930310 4318036351633911 6032812827914639046 n 768x1024 1 Калмаматов: Эч кимге каршы көрсөтмө берген эмесмин

«Урматтуу мекендештер! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой учурда мен камакта отурам. Мага коюлуп жаткан айып акылга сыйбайт жана адилетсиз. Бирок кеп башкада… Тилекке каршы менин душмандарым абакта отурганымдан пайдаланып, үстүмөн ар кандай каралоолорду уюштуруп жатышат. Тагыраагы, мага байланыштуу жалган маалыматтарды социалдык тармактарга жайылтышууда. Камакка алынгандан суракка алынган жокмун. Жактоочуларыман башка эч ким менен сүйлөшө элекмин. «Бийлик менен сүйлөшүп Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев жана Жылдыз Жолдошевага карата каршы көрсөтмө берүүдө» деген маалыматтар толугу менен жалган жана кимдир бирөөлөргө каршы көрсөтмө берүү ниетим дагы жок. Тескерисинче мага ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткан калың элиме ыраазычылыгымды билдирем»,-деп жазылат катта.

1092639.ffb4ba731e63449d48f9f09817fde228 1 Калмаматов: Эч кимге каршы көрсөтмө берген эмесмин

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов 2022-жылдын 9-февралына чейин камакка алынган. Мындай чечимди 24-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылууда. Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, куугунтук катары сыпатташууда.