Валентина Шевченко Ысык-Көлдө көк-бөрү оюнун көрдү

UFC чемпиону Валентина Шевченко Ысык-Көлдө көк-бөрү оюнун көрүп кайтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

MyCollages 8 16 768x512 1 Валентина Шевченко Ысык-Көлдө көк-бөрү оюнун көрдү

“Жолдо жигиттерге жолугуп калып, алардын көк бөрү оюндарына  күбө болдук!” – дейт ал

-Аталган спорттун түрү жигиттердин кайраттуулугун, күчтүүлүгүн жана эр жүрөктүүлүгүн даңазалап турат. Ал эми оюндун сүрүн аттардан дагы байкаса болот, алар дагы оюнга кызуу киришип, башка команданын аттары менен кызуу атаандашат экен. Ысык-Көл көлү, декабрь, 2021-жыл”, — деп жазган ал баракчасына.