Чүй райондук милициясы балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамында коопсуздукту камсыздады

Чүй райондук милициясы балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамында коопсуздукту камсыздады

2021-жылдын 16-декабрь күнү Чүй районунун аймагында жашы жете электердин катышуусу менен Жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулган. Жашы жете электерди кубанычка бөлөп, жагымдуу маанай тартуулаган бул иш-чара райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулса, ал эми коомдук коопсуздуктун камсыздалуусу Чүй райондук милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду.

Жаңы жылдык балаты майрамы “Гавайи” эс алуу жайында уюштурулган. Ага Чүй районунан жалпысынан 61 жашы жете элек катышты. Алардын коопсуздугун камсыздоо максатында Чүй РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги А.И.Назаралиевдин жетекчилиги алдында милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду.

ИИМдин Басма сөз кызматы