11 айда жол эрежелерин бузган 695 998 айдоочуга протоколдор түзүлдү

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 11 ай ичинде жол кырсыктарын алдын алуу максатында төмөнкү иштерди аткарды.
Республиканын автоунаа жолдорунун тилкелерине профилактикалык мүнөздөгү 53 баннер орнотулуп, Бишкек, Ош, Кант шаарларында 20 маалыматтык LED экрандарда социалдык роликтер көрсөтүлдө. Жол кырсыктарын алдын алуу максатында 42 видеоролик даярдалып, республикалык жана жергиликтүү телеканалдар жана социалдык түйүндөр аркылуу чагылдырылууда.


Жол-унаа кырсыктарын жана адам өлүмү менен коштолгон оор кесепеттерин кыскартуу максатында профилактикалык багыттагы рейддик иш-чаралар уюштурулуп, биздин кызматкерлер тарабынан жол эрежелерин бузган 695 998 айдоочуга протоколдор түзүлүп, мамлекеттин казынасына 494 млн. 009 миң 105 сом айып өндүрүлдү.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 08.55.48 2 11 айда жол эрежелерин бузган 695 998 айдоочуга протоколдор түзүлдү


“Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабы менен Бишкек шаарынын жол кесилиштеринде, жол астындагы өтмөктөрүндө жана Чүй облусунун автоунаа жолдорунда орнотулган аппараттык-программалык комплекстеринин жардамы менен 837 миң 545 жол эрежелерин бузуу учурлары аныкталып, электрондук протоколдор түзүлүп, алардын ичинен 421 миң 701 токтом боюнча жалпы суммасы 770 млн. 246 миң 915 сом айып өндүрүлдү.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 08.55.48 3 11 айда жол эрежелерин бузган 695 998 айдоочуга протоколдор түзүлдү

Ошондой эле, оор кесепеттер менен коштолгон жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында шаар жана райондук борборлордо, айрыкча эл аралык жана мамлекеттик автожолдор менен алыскы аймактарга жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочуларды атайын каттоого алуу (атайын журналдар ачылды) менен алардын келип кетүү убактыларын катуу көзөмөлгө алынды.
Оор кесепеттер менен коштолгон жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында башкы башкармалыктын жооптуу кызматкерлери тарабынан республиканын шаар жана райондук борборлорунда, айрыкча эл аралык жана мамлекеттик автожолдор менен алыскы аймактарга жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулар арасында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Республиканын аймактарындагы 2192 мектеп окуу жайларына ЖККК бөлүктөрүнүн 718 кызматкери бекитилип, жол кыймылчы кызматкерлер жетекчиликтери жана мектеп администрациясы тараптан бекитилген иш-мерчемдердин негизинде иш алып барышат.11 ай ичинде кызматерлер тарабынан мектеп окуучулары арасында 13 720 жолу лекциялар, маектер жана сабактар өткөрүлүп, 7896 мектеп окуучусунан турган 987 жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү командалары түзүлдү жана 839 жол кыймылынын эрежелери тууралу класстары, 2522 атайын жол кыймылынын эрежелеринин бурчтары уюштурулду.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 08.55.48 1 11 айда жол эрежелерин бузган 695 998 айдоочуга протоколдор түзүлдү


Балдар катышкан жол кырсыктарынын санын кыскартуу максатында республика аймактарындагы жол боюнда жайгашкан мектептердин жанына 2055 жол белгилери, 417 жол тосмолору, 125 жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырактары орнотулган, 512 жерде жол чийимдери чийилди.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 08.55.48 11 айда жол эрежелерин бузган 695 998 айдоочуга протоколдор түзүлдү
WhatsApp Image 2021 12 28 at 08.55.49 11 айда жол эрежелерин бузган 695 998 айдоочуга протоколдор түзүлдү

ИИМдин Басма сөз кызматы