Октябрь жана Свердлов райондорунун акимдерине сөгүш жарыяланды

Бишкек шаарындагы Октябрь жана Свердлов райондорунун акимдерине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар калкты коронавируска каршы эмдөө боюнча иш-чараларды толук кандуу уюштурушкан эмес. Борбор калаага караштуу 4 райондун ичинен Октябрь жана Свердловдо коронавируска каршы эмделген жарандардын саны аз.

— Октябрь районунда биринчи доза менен 29 миң 47 адам (24%), экинчи доза менен 23 миң 760 киши (17%) эмделген. Бул райондо жалпы 121 миң 101 адам коронавируска каршы эмделсе болот;

— Свердлов районунда биринчи доза менен 29 миң 719 адам (27,6%), экинчи доза менен 25 миң 484 киши (23,7%) эмделген. Бул райондо жалпы 107 миң 587 адам коронавируска каршы эмделсе болот.

Ошондой эле борбор калаанын мэриясынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисине эскертүү берилди.

Кошумчалай кетсек, Октябрь районунун акими — Мирлан Эшкожоев, Свердлов районунун акими — Бахтияр Карамшаков. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси — Айбек Ибраимов.