Кыргызпатент “Кыргызстанда креативдүү жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү тууралуу диалогдор” аталышында тегерек стол өткөрдү

27-декабрда Кыргызпатент Jyldyz Academy жана Креативдүү индустриялар Ассоциациясы (Creative Kyrgyzstan) менен бирге “Кыргызстанда креативдүү жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү тууралуу диологдор” аталышында тегерек стол өткөрдү.Иш-чарага Креативдүү жана IT чөйрөлөрүнүн, инновациялык мекемелердин, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү жана ЖОЖдордун студенттери катышты.

4L7A8123 Кыргызпатент “Кыргызстанда креативдүү жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү тууралуу диалогдор” аталышында тегерек стол өткөрдү

Тегерек столду Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берди. Ал өз сөзүндө, ведомство өлкөнүн аймактарында инновациялык борборлорду ачууну пландап жаткандыгын, ал жерлерде интеллектуалдык менчикти, инновацияларды, креативдүү жана IT чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган аянтчалар түзүлөрүн айтып, Кыргызпатент ушул жаатта өнөктөштөр менен бирге долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Спикерлер программалык продуктуларды, маалымат базаларын, товардык белгилерди каттоо, анимация аркылуу билим берүүдөгү инновациялар, санариптик экономика үчүн санариптик билим берүү, ой жүгүртүү дизайны аркылуу кретивдүү экономиканы өнүктүрүү, башка өлкөлөрдүн креативдүү экономиканы өнүктүрүүдөгү тажырыйбалары ж.б. темалар боюнча чыгып сүйлөштү.

4L7A8111 Кыргызпатент “Кыргызстанда креативдүү жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү тууралуу диалогдор” аталышында тегерек стол өткөрдү

Катышуучулар аймактарда мамлекеттик органдардын жеке сектордун өкүлдөрү менен бирге инновацияларды, креативдүү экономиканы жана IT чөйрөнү өнүктүрүүдө иштешүү маселелерин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар тараптан биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу жана ар түрдүү иш-чараларды (форум, көргөзмө, конкурстар, хакатондор жана мейкатондор) өткөрүү сунуштары көтөрүлдү.

4L7A8137 Кыргызпатент “Кыргызстанда креативдүү жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү тууралуу диалогдор” аталышында тегерек стол өткөрдү
4L7A8142 Кыргызпатент “Кыргызстанда креативдүү жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү тууралуу диалогдор” аталышында тегерек стол өткөрдү