Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү узартылат, – Мамашова

Депутат Айсулуу Мамашова Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн узартуу чечими кабыл алынганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн узарталы деген чечим кабыл алдык. Башкы прокуратураны чакырууну суранабыз. Бүгүн комиссиянын жыйынында бул маселени бүтүрөлү деп жатабыз”, – дейт Мамашова.

Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева прокуратурадан сунуштама келиши керектигин эскертти.

Кой-Таш окуясы боюнча 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.