ИИМ: Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Баткен облусунда


Бүгүн, 21-декабрь күнү Жаңы жылдык майрамга карата Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлерине гарнизондук кароо болуп өттү.

WhatsApp Image 2021 12 22 at 11.42.25 ИИМ: Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Баткен облусунда

Гарнизондук кароого Кыргыз Республикасынын ИИМнин министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов катышып, ИИМдин Жаңы-жылдык майрамдарга карата коюлган тапшырмаларын жеткирди. Кызматкерлерди келе жаткан жаңы жылдык майрамы менен куттуктап, материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында техникаларды тапшырды. Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов менен биргеликте кызматкерлердин кийген кышкы кийимдеринин абалын текшерип, майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун сактоодо коомдук тартипти көзөмөлдөөдө ИИОнун кызматкерлери 28-декабрдан баштап жогорулатылган күжрмөн даярдыкта кызмат өтөөсү белгиленди.


Мындан сырткары Кызыл-Кыя, Баткен, Сүлүктү шаардык , Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары Баткен ОИИБнын бөлүм башчыларына жыйналыш өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду.


Кыргыз Республикасынын ИИМнин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов коомдук тартипти көзөмөлдөөдө негизинен профилактикалык иштерге басым жасап, жаш өспүрүмдөр менен тыгыз иш алып баруу, жаш муундарды тарбиялоо өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, “Милиция кызматкерлери күн сайын жаңыланып, жаңы туура кадам менен өлкөгө зор салым кошуш керек” деп айтып өттү.

WhatsApp Image 2021 12 22 at 11.42.26 2 ИИМ: Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Баткен облусунда
WhatsApp Image 2021 12 22 at 11.42.26 ИИМ: Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Баткен облусунда
WhatsApp Image 2021 12 22 at 11.42.27 ИИМ: Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Баткен облусунда
WhatsApp Image 2021 12 22 at 11.42.28 ИИМ: Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Баткен облусунда
WhatsApp Image 2021 12 22 at 11.42.27 1 ИИМ: Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Баткен облусунда

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы