Ашыкча салмактан арылгандарга акчалай сыйлык Ферганада берилет

Фергана облусунун башчысы Хайрулла Бозоров жергиликтүү кеңештин 20-декабрдагы жыйынында аймактагы тургундардын салмагын азайтуу боюнча эксперимент сунуштады. Бул тууралуу өзбек басылмалары кабарлашты.

Облус башчысы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме кылып, дүйнөдөгү оорулардын 50-55% туура эмес жашоо образынан, ашыкча салмактан, аз кыймылдоодон жана туура эмес тамактануудан улам пайда болорун билдирди.

«Өзбекстанда бул көрсөткүч 80% түзөт болуш керек. Туур эмес жашоо образынан улам оорулар көбөйүп жатат. Биз кант диабети менен ооругандарга анализ жүргүзүп көрдүк. 32 миң кишинин ичинен 2 миңинде гана диабеттин тубаса формасы болгон. 30 миң адам туура эмес тамактануудан, стресстен, аз кыймылдоодон жана семирүүдөн улам кант диабетине чалдыккан», — деди Бозоров.

Ал облустагы ашыкча салмагы бар тургундар бир жылдын ичинде 5 килограммдан ашык арыктаса, аларга акчалай сыйлык бериле турганын билдирди.