Автобазанын аймагында кампа күйүп, бир адам каза болду

Бишкекте автобазанын аймагында кампа күйүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-декабрда түнкү саат 02:14 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан автобазасынын аймагында курулуш фирмасынын кампасынын 50 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

«Өрттүн кесепитинен К.Н. аттуу 45-50 жаш чамасында эркек кишинин сөөгү табылган жана милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, 05:17де толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.