Нарын шаарында “Эрежени сактаймын, жолдон шашып баспаймын” аталыштагы иш чара өткөрүлдү

Нарын ОИИБи: Нарын шаарында “Эрежени сактаймын, жолдон шашып баспаймын” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 14-декабрында Нарын шаарындагы Матен Садыков атындагы орто мектебинде Нарын ОИИБнин аталган мектепке бекитилген кызматкерлери мектеп администрациясы менен биргеликте “Эрежени сактаймын, жолдон шашып баспаймын” аталыштагы кароо сынак өткөрүлдү.

Кароо сынакка 1-4-класска чейинки окуучулардын жол эрежелери чагылдырылган дубал гезиттери көрсөтүлүп, атайын жол эрежелерине байланышкан эрежелер айтылып, окуучулар тарабынан музыканын коштоосунда жол коопсуздугу боюнча роликтер көрсөтүлүп, баштапкы класстын окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында “Мыкты дубал гезити” номинациясынын жеңүүчүлөрүнө Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабековдун “Ыраазычылык каттары” жана кароо сынакты уюштурган кызматкерлердин атынан активдүү катышкан окуучуларга баалуу белектерди тапшырышты.

WhatsApp Image 2021 12 15 at 08.10.41 1 1 Нарын шаарында "Эрежени сактаймын, жолдон шашып баспаймын" аталыштагы иш чара өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 12 15 at 08.10.41 2 Нарын шаарында "Эрежени сактаймын, жолдон шашып баспаймын" аталыштагы иш чара өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 12 15 at 08.10.41 Нарын шаарында "Эрежени сактаймын, жолдон шашып баспаймын" аталыштагы иш чара өткөрүлдү

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы