Москва районунда мал уурулуктарын алдын алуу боюнча рейд болду

Москва районунда мал уурулуктарын алдын алуу боюнча рейд иш-чарасы болуп өттү

WhatsApp Image 2021 12 15 at 07.30.08 2 Москва районунда мал уурулуктарын алдын алуу боюнча рейд болду


2021-жылдын 10-12 декабрь күндөрү Москва райондук ИИБү тарабынан мал уурулуктарын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында “Мал уурулук” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү.


Аталган рейд иш-чарага РИИБдүн криминалдык милиция кызматы, коомдук коопсуздук кызматы жана ЖКККБнын кызматкерелринен турган 50 кызматкер тартылып жана эки мобилдик топ түзүлгөн.
Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 15 дан ашуун мал ташыган автоунаалар текшерилип, алардын ичинен 10 айдоочуга тешелүү кагаздарды тактап алуу тууралуу эскертүүлөр берилген.
Андан сырткары автоунааны мас абалында башкарып жургөн бир айдоочу кармалып, тиешелүү протоколдор толтурулган, ошол эле иш-чарада уурулук фактысына байланыштуу 3 кылмыш ишинин бети ачылган.

WhatsApp Image 2021 12 15 at 07.30.08 3 Москва районунда мал уурулуктарын алдын алуу боюнча рейд болду
WhatsApp Image 2021 12 15 at 07.30.08 1 Москва районунда мал уурулуктарын алдын алуу боюнча рейд болду


Рейд учурунда милиция кызматкерлери тарабынан мал баккан сарайлардын ээлери менен жолугушуу болуп, мал уурулукту алдын алуу жана кылмыштуулуктарга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.