Валентина Шевченко ордолуу Ош шаарында

Кыргызстандык мушкер, UFC чемпиону Валентина Шевченко 12-декабрда, Ош шаарына барды.

Маалым болгондой, спортчу Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугары күтүлүүдө. Иш-чара саат 14:30да башталып, 17:00гө чейин уланат.

4 1 Валентина Шевченко ордолуу Ош шаарында
3 1 Валентина Шевченко ордолуу Ош шаарында
8 Валентина Шевченко ордолуу Ош шаарында
2 1 Валентина Шевченко ордолуу Ош шаарында

Мушкер айымды аба майдандан күйөрмандары тосуп алган.

Кошумчалай кетсек, Валентина Шевченко Кыргызстанга 21-ноябрда учуп келген.