Аз камсыз болгон 40 миң үй-бүлөгө ун жана май берилет

Россия Федерациясынан байытылган буудай унунун акыркы партиясын алып келүү аземине Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын КРдагы директорунун милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс катышты.

266408748 893231131377766 5445932162677418908 n Аз камсыз болгон 40 миң үй-бүлөгө ун жана май берилет

Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Россиядан өндүрүлгөн ун БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларына жеткирилди.

266335718 893230758044470 84237700428685313 n Аз камсыз болгон 40 миң үй-бүлөгө ун жана май берилет

Жеткирүү өлкө боюнча айыл жамааттарын колдоо, климаттын өзгөрүшүнүн соккуларын жумшартуу жана 2022-жылы мектептерде балдарды ысык тамак менен камсыздоо максатын көздөйт.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, 1430 миң метр тоннага жакын байытылган ун алып келинди.

“Биз бул унду 40 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратып, алардын азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун жакшыртуу үчүн беребиз. Ошондой эле улуттук мектеп тамактандыруу программасы үчүн колдонулат.

Коомдук долбоорлорго катышканы үчүн ар бир үй-бүлөгө 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литрден өсүмдүк майы берилет. Бул долбоорлорго ирригациялык тармактарды жана айдоо жерлерди реабилитациялоо, токойлорду кеңейтүү, айылдарда көпүрөлөрдү жана дренаждык системаларды куруу кирет. Жалпысынан 500дөн ашык долбоорлор ишке ашырылат”, – деди ал.

Мындан тышкары, тапшыруу аземинде Россия Федерациясы Кыргыз Республикасындагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору экендиги айтылды. Акыркы 10 жылдын ичинде Россия өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу кыргыз жарандарына ар кандай деңгээлде, жардам берүү жана калыбына келтирүүдөн баштап, коомчулукту өнүктүрүүгө жана социалдык коргоого чейин колдоо көрсөтүп келет.