Үйлөнгөнүбүзгө 10 жыл болду, 4 балабыз бар, күйөөм намаз окуйт, – Сокулукта зордуктаган адамдын аялы

«Жолдошум намаз окугандыктан бул убакка чейин башка кыздарга барганын уккан эмесмин»,- деди Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган шектүүнүн жубайы.

«Үйлөнгөнүбүзгө 10 жыл болду, 4 балабыз бар, улуу балам 9 жашта. Жолдошумдун кээде ичип койгону эле болбосо жакшы эле адам. Жашаганыбызга 10 жыл болсо дагы мындай кырсык биринчи жолу болуп жатат. Ичип алып билбей калды окшойт. Турмушка чыккандан бери мен үйдө олтурам, үй-бүлөбүздү иштеп ушул эле камсыздайт. Ошол түнү сүйлөшкөнбүздө айыл башчыга жана бир, эки балага жолугам деген. Андан соң байланышкан жокмун, анан ушул окуя болуп кетти. Намаз окуп, дабатка чыккандыктан бул убакка чейин кыздарга барганын деле уккан эмесмин. Жолдошум мастык кылыптыр, кыздын ата-энесинен кечирим сурайбыз»,- деди жубайы Элиза.

Эскерте кетсек, 5-декабрь күнү Сокулукта жаран күч колдонуп 16 жаштагы кызды зордуктаган.

Белгилей кетсек, Исмаил айылында «Аксакалдар соту» болуп, шектүүнүн үй-бүлөсүн көчүп кетүүсүн талап кылышып, алар көчүп кетишкен.