Түркияда кыргызстандык аял төрөт учурунда каза болду

Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда Түркиянын Измир шаарында Б.А. аттуу кыргыз жараны төрөт учурунда каза болгон.

Башкы консулдук каза болгон кыргыз аялдын жолдошу, түрк жараны С.О. менен биргеликте маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жиберүү боюнча иштерди алып барууда.

Учурда Башкы консулдук бул маселени көзөмөлүнө алды.