Окуучулардын каникулу 31-декабрдан 11-январга чейин созулат

Мектеп окуучулары үчүн 2021/2022-окуу жылындагы кышкы каникул 31-декабрдан 11-январга чейин созулат. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Ноябрь айынын башында Билим берүү жана илим министрлиги каникулдар боюнча жаңыланган графикти жарыялаган. Ага ылайык, орто мектептин окуучулары 12 күн эс алат. Окуу 12-январда (шаршемби) башталат.

Эске салсак, республикада 2021/2022-окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылган. Бийлик мындай кадамга педагогдордун көбүн эмдөөдөн өткөрүү үчүн жана жайкы туристтик сезонду узартуу максатында барган.