Суу жоголду ким көрдү? Казакстандын премьери Жапаровго кошумча суу агызып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүдө ал Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берип жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Бул билдирүүдө Мамин “эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташтыгын, анын ичинде Сырдарыя, Шу жана Талас трансчегаралык дарыяларынын суу ресурстарын жөнгө салуу боюнча ыкчам иш-чараларды биргелешип кабыл алууну жогору баалай турганы» белгиленген.«Кыргыз тараптын Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергени Казакстандын түштүк облустарынын дыйкандарынын сугат сууга болгон муктаждыгын кургакчылык мезгилде  канааттандырганууга мүмкүндүк бергени белгиленди”, – деп айтылат Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.