Жаңы парламенттеги эң тажрыйбалуу депутаттардын тизмеси

28-ноябрь күнү Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыктары босого чектен өтпөй калган партиялар үчүн күмөн жаратып, нааразычылыктарын айтып чыгышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында кеткен 40 мүнөттүк катачылыкты төрайым Нуржан Шайлдабекова түшүндүрүп, шайлоо таза өттү деп жарыялады. Эгер, акыркы участоктун добуштары саналып, БШК үч күндүн ичинде арыздарды кабыл алып, 20 күндө бардык протоколдорду карап бүтсө, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарынын тизмеси 100 пайыз белгилүү болот. Ага чейин дээрлик такталып калган депутаттардын тизмесин карап, эң тажрыйбалуу, ЖКда эң узак мөөнөт отурган эл өкүлдөрүн аныктайлы.

Исхак Масалиев – 61 жашта, 4 чакырылыштын депутаты

1 3 Жаңы парламенттеги эң тажрыйбалуу депутаттардын тизмеси

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылышынын депутаты;

2005-2007-жылдары III чакырылыштын депутаты;

2007-2010 – жылдары  IV чакырылышта Кыргызстандын коммунистеринин партиясынан депутат болуп иштеген;

2009-2010 — Жогорку Кеңештин депутаттык этика жана регламенти боюнча төрагасынын орун басары;

2015 -жылы “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Бул жолку парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде босого чектен өтүп, VII чакырылыштын депутаты болуп шайланды. Бул саясий партия добуштардын 7,04 пайызын алып, 6 мандатка ээ болду.

Масалиев партия тизмесинде экинчи орунда.

Адахан Мадумаров – 56 жашта, 4 чакырылыштын депутаты

235810 Жаңы парламенттеги эң тажрыйбалуу депутаттардын тизмеси

1995-2000-жылдары ЖКнын I чакырылышынын депутаты;

2000-2005-жылдары II чакырылыштын депутаты;

2005-2007-жылдары III чакырылышта депутат болгон;

2007-2008-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланып, төрагалык милдетти аркалаган;

2021-жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы менен депутат болуп шайланды. Жогоруда белгиленгендей Мадумаров баштаган партия шайлоодо добуштардын 7,04 пайызын алып, 6 мандатка ээ болду.

Мадумаров партия тизмесинде биринчи орунда турат.

Арсланбек Малиев – 64 жашта, 3 чакырылыштын депутаты

1035146952 Жаңы парламенттеги эң тажрыйбалуу депутаттардын тизмеси

1995-2007-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин алгачкы үч чакырылышынын депутаты болуп иштеген.

2011-жылдын сентябрында президенттикке ат салышууга арыз бергени менен, Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик тилди билбегендигине байланыштуу кабыл алган эмес. 2017-жылы өлкө президенттигине талапкер болгон.

Быйылкы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Арсланбек Малиев жеңип чыкты. Жалпы добуштардын 18,46 пайызына же 7 242 добушка ээ болду.

Улугбек Ормонов – 58 жашта, 3 чакырылыштын депутаты

828983.19f72e1ea9a129d97432994a7e6e3c94 Жаңы парламенттеги эң тажрыйбалуу депутаттардын тизмеси

2005-2006-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылышынын №38 бир мандаттуу округунан депутат болуп иштеген.

2009-2010 – жылдары Жогорку Кеңештеги “Ак-Жол” фракциясынын лидери;
2016-жылы Жогорку Кенештин VI чакырылышында “Бир Бол” партиясынан депутат.

2021-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Ишеним” саясий партиясынын катарында VII чакырылышынын депутаты болду.

Быйылкы шайлоодо “Ишеним” партиясы жалпы добуштун 13,63 пайызын алып, 12 мандатка ээ болду.

Улугбек Ормонов партия тизмесинде бешинчи орунда.

Алтынбек Сулайманов49 жашта, 3 чакырылыштын депутаты

1132380.e313d41d1ef9cbb56bca35dfddcf3c59.500 Жаңы парламенттеги эң тажрыйбалуу депутаттардын тизмеси

2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты болуп иштеген;

2010-жылдын ноябрь айында “Республика” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган;

2015-жылдын октябрь айында “Бир Бол” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон;

2021-жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоодо “Альянс” партиясы менен беш пайыздык босого чектен өтүп, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланды.

“Альянс” партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен 8,34 пайыз добушка ээ болуп, 7 мандат алды. Алтынбек Сулайманов тизмеде Чыңгыз Айдарбековдон кийинки экинчи орунда.

Бакыт Төрөбаев – 48 жашта, 3 чакырылыштын депутаты

1591417079.513647217 Жаңы парламенттеги эң тажрыйбалуу депутаттардын тизмеси


2007–2009-жылдары IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты;

2010-жылы “Республика” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. “Республика” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон. 

2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 

Быйылкы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде VII чакырылыштын депутаты болуп шайланды.

Аталган партия шайлоонун жыйынтыгы боюнча добуштардын эң көп делген 17,3 пайызына жетип, максималдуу 15 мандатка ээ болду.

Бакыт Төрөбаев тизмеде биринчи орунда.