«Улуттар биримдиги» саясий партиясы парламенттик шайлоонун алдын—ала жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыкты.
«Саат 20:46га карата «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына 47074 добуш берилген. Ал арада БШКнын сервери иштебей калган”, дешти партиядан.
Саат 21:20да «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына берилген добуштардын саны 29387ге түшүп калды. Биз мындай жыйынтыкка каршыбыз жана нааразычылык билдиребиз, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча «Улуттар биримдиги» партиясы 2,41% добушка ээ болгон.