«Улуттар биримдиги»: Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган

0
7

«Улуттар биримдиги» саясий партиясы парламенттик шайлоонун алдын—ала жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыкты.

«Саат 20:46га карата «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына 47074 добуш берилген. Ал арада БШКнын сервери иштебей калган”, дешти партиядан.

Саат 21:20да «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына берилген добуштардын саны 29387ге түшүп калды. Биз мындай жыйынтыкка каршыбыз жана нааразычылык билдиребиз, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча «Улуттар биримдиги» партиясы 2,41% добушка ээ болгон.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.