“Азаттык” партиясы шайлоону тааныбайт

“Азаттык” партиясынан талапкер Гульбара Барыктабасова БШКнын ишин сындап, добуштарды саноо учурунда ката кеткен деп билдирди.

“Биз кайрадан эле шайлоодо мыйзамсыз нерселерди байкап жатабыз. Бийлик таза жана акыйкаттуу шайлоо болот деп ишендирген. Биз шайлоочулар менен аймактарда тыгыз иштешип, программабызды сунуштап, бардык аракеттерди жасадык. Азыр болсо мага аймактардан шайлоочулар чалып жатат”, – деп нааразы болду ал.

Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% чектен өттү. Бул электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебинин болжолдуу жыйынтыгы.

Саат 21:00га карата 2000ден ашуун шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташтырылган системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.

Алдын ала жыйынтык боюнча алты партия беш пайыздык чектен өттү:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 16.93%
  • «Ишеним» — 13,57%
  • «Ынтымак» — 10,89%
  • «Альянс» — 8,29%
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6,78%
  • «Ыйман нуру» — 6,04%