Кыргызпатент авторлор арасында сынак жарыялайт, – видео

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасында Улуттук сынак жарыялайт.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1) проза;

2) драма;

3) илюстрацияланган балдар көркөм адабияты;

4) илимий-популярдуу чыгарма;

Иштер 2021-жылдын 25-ноябрынан 2022-жылдын  30-апрелине чейин кабыл алынат. Сынакка курагы 30 жаштан жогорку авторлор катыша алат. Жиберилген чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек!

Сынактын жеңүүчүлөрүнө чыгармачылык иштеринин жарык көрүүсүнө финансылык жардам көрсөтүлөт.

Чыгарманын көлөмү А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), 150-600 беттен ашпоого тийиш.

Сынактын жобосу менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып чыгууга болот: http://patent.kg/wp-content/uploads/2021/11/Улуттук-сынак-жобо-КЫРГ.pdf

Сынакка Жобонун №1тиркемесине ылайык өтүнмөнү толтуруп, 2022-жылдын  30-апрелине чейин Катчылыктын dinara.akun@patent.kg электрондук почтасына же болбосо Кыргызпатенттин дарегине: 720021, Бишкек шаары, Москва көчөсү 62ге жөнөтүү керек.

Байланыш телефондор: (0312) 68-04-71,

(0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29