ИИМ: шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды

ИИМ. ЭММКАК ыкчам кызматкерлери шайлоочуларды сатып алуу фактысын аныкташты

2021-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери менен биргеликте шайлоочулардын добушун сатып алуучуларды кармоо аракетинде атайын операция уюштурушту.

9086098769876 ИИМ: шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды
WhatsApp Image 2021 11 27 at 15.16.02 1 ИИМ: шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды


Аталган факт, Аламүдүн райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренесинде каралган “Шайлоочуларды сатып алуу” кылмышы менен катталып, тергөө иши жүргүзүлүүдөө.


Сотко чейинки иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин үгүттөөчүсү болгон 1965-жылы туулган К.Ч. аттуу жаран Маевка айылынын жашоочуларынын добуштарын сатып алуу максатында акча каражаттарын таратып жүргөндүгү аныкталган. Аталган жаран, 18 000 (он сегиз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын берип жаткан учурунда кармалган.
Азыркы убакта, бул иш боюнча тергөө уланууда.

WhatsApp Image 2021 11 27 at 15.16.01 1 1 ИИМ: шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды

ИИМдин Басма сөз кызматы