Садыр Жапаров: “Тарыхтын ак барактарында калышыбыз керек”

Садыр Жапаров:
«Анча-мынча саясатчылар “куралдуу төңкөрүш кылабыз” деп сүйлөшүп жаткандар бар.
Алардын ар бирин билебиз.

Бул тууралуу ал aryba.kg сайтына берген маеги жарыяланды.

Далилдер топтолду. Шайлоодон кийин аларга катуу чара көрөбүз. Азыр чара көрө баштасаң “шайлоого карата болуп жатат” деп тарапташтары кыйкырып чыгышат. Ушул акыркы шайлоо. Мындан ары беш жыл бою саясатты унутабыз. Баарыбыз экономиканы көтөрүү менен алек болобуз.

«Повод» жок эле чыга бергендер болсо катуу жазасын алышат. Биз өзүбүз дагы «повод» бербейбиз. Таза, адилеттүү иштейбиз. Тарыхтын ак барактарында калышыбыз керек. Максат ошол.»