БИЗ АЛДЫГА УМТУЛАБЫЗ! СЕН БИЗ МЕНЕНСИҢБИ?

«ЭЛ ҮМҮТҮ» ПАРТИЯСЫ – БУЛ эгемен Кыргызстанда туулуп-өскөн жаш кыргызстандыктардын бирикмеси. «Эл Үмүтү» – эски элитаны алмаштырып, өлкөгө зарыл болуп турган чыныгы өзгөртүүлөрдү ишке ашыра турган күч! 

БИЗ ондогон шайлоолорду баштан өткөрдүк. Партиядан партияга секирип, ар кайсы режимдерге кызмат кылган, кубулма саясатчыларды көп көрдүк. Алар өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын коргоо жана баюу үчүн бүгүн да бийликке умтулушууда!  

Эгемендик алган 30 жыл ичинде Кыргызстан ийгиликтүү өнүккөн, коопсуз, прогрессивдүү өндүрүш аянттары, өнүккөн илимий комплекси, сапаты бийик билим берүүсү жана саламаттыкты сактоо тармагы бар мыкты өлкө боло алмак!

Тилекке каршы, бүгүн кайра парламенттеги орундар үчүн жан талашып жаткан ошол эле саясатчылар бизди мунун баарынан кур-жалак калтырышты. Алардын максаты – өлкөнү мындан ары тоной берүү. Алар элдин кызыкчылыгын коргоого, депутат деген наамды алып жүрүүгө татыксыз!

БИЗ ЭМИ АЛАРГА ИШЕНБЕЙБИЗ!

Кыргызстандагы бардык ыңкылаптарды өлкөнүн чөгүп баратканына кайдыгер карап тура албаган, мыкты жашоону каалаган жаштар жасап келишти.

Бирок эски саясатчылар ар кандай айла-амалдарды колдонуу менен  жаштардын үмүтүн, кыялын уурдап алышып, кайра эле бийликти басып алышты.

ЖЕТИШЕТ! БИЗ МУНУН БААРЫНАН ТАЖАДЫК!

БИЗ мындан ары бийликке кирип алышкан олигархтар жана зыянкеч мителер өлкөнү талкалап жатканына кайдыгер карап, четте турууга акыбыз жок. 

Эгерде бүгүн бийликке жаштар келбесе, анда эски саясий топтор өлкөдөгү калган ырыстуу нерселердин баарын тыптыйпыл талкалашат!

БИЗ, «Эл Үмүтү»  партиясы, парламентке ушул зыяндуу айлампаны талкалап, эски саясий түзүмдү алмаштырып, элдин турмушун жакшырта турган өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн баратабыз.

БИЗ муну эски саясатчыларды аралаштырбай, өзүбүз жасашыбыз керек! Алардын мезгили өттү!

Биз парламентке прогрессивдүү, билимдүү жаштарды, эгемендиктин курдаштарын алып келебиз. 

Бул жаштардын ар бири өзүнүн өжөрлүгү, чыдамкайлыгы менен көп ийгиликтерге жетишкен. Алардын башкы максаты – өз үйүн, өз Кыргызстанын коопсуз, ийгиликтүү, прогрессивдүү мамлекетке айлантуу! Анда биздин балдарыбыз, ата-энелерибиз жайлуу жана ыңгайлуу жашоого тийиш.

Биз өз үйүбүздү, өлкөбүздү кайрадан жаңылап курабыз.

ЭМИ ЖҮРҮШ СЕНДЕ! ДОБУШУҢДУ БЕР!

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН АЛДЫГА!

БИЗ МЕНЕН БОЛ!

«ЭЛ ҮМҮТҮ» – №18!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп»
Бишкек шаары, Юг-2, 9-41.
Басылган күнү 26-ноябрь 2021-ж.
«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.