Жол кырсыктан кийин ооруканага түшкөн адамдардын ичинен дагы бирөө каза болду

Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Суу районундагы тилкесиндеги жол кырсыктан кийин ооруканага түшкөн адамдардын ичинен дагы бирөө каза болду.

Бул маалыматты Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Азиз Жунусов тастыктады.

Анын айтымында, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну А.И. кечээ, 22-ноябрда көз жумду.

«16-ноябрдагы жол кырсыгына кабылгандардан бүгүнкү күндө биздеги ооруканада 6 бейтап жатат. Азыр бешөөнүн абалы туруктуу, алар бөлүмдөрдөгү палаталарда. Бир бейтапты операцияга даярдап жатабыз. 1996-жылы Кара-Суу районунда туулган бейтап өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө болчу. Ал кечээ каза болду», – деди Азиз Жунусов.