Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги Бекташов Курсанбек Урбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен Маралбаев Марат Мелисбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин
Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги болуп дайындалды