Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу минисрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин талкуулады.

619bb2ce4a66b thumb Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолукту

Ошол эле учурда тараптар Кыргыз Республикасынын аймактарындагы жалпы билим берүү мекемелерин куруу боюнча долбоорду ыкчам ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул тууралуу макулдашуу буга дейре мамлекет башчылары ортосунда жетишилген.

«Кыргыз-россия өз ара аракеттенүүсү өнөктөштүк принцибинде курулуп, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда туруктуу өнүгүүдө», — деп белгиледи Акылбек Жапаров жолугушуунун жүрүшүндө.

Ал ошондой эле россиялык тарапка үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдардын санын жогорулатуу тууралуу кабыл алынган чечими жана орусиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы түрүндөгү гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин салыктык жана бажылык башкаруу системасын санариптештирүүнү, анын ичинде салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргыз Республикасында заманбап маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Биз үчүн бул багыттагы Россия Федерациясынын тажрыйбасы абдан маанилүү», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Михаил Мишустин белгилегендей, россиялык тарап эки тараптуу аракеттенүүнү мазмундуу жана биргелешкен долбоорлор менен толуктап, жаңы жана жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдар.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасында өтүүчү парламенттик шайлоолор ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Ошондой эле ал эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүү көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 38 пайызга өскөндүгүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын союздашы жана стратегиялык өнөктөшү болгон Россия Федерациясы менен кызматташууну өнүктүрүүгө карай болгон сиздин принципиалдуу мамилеңизди кубаттайбыз, — деди Михаил Мишустин.