“Social сofe”: “Чет элдик 2 кыз мындан мурда жеген тамактары үчүн акча төлөбөгөндүктөн киргизилген эмес”

Буга чейин социалдык тармактарда “Social сofe” тамактануучу жайына чет элдик 2 студент кыз киргизлбей койгондугу талкууга алынып, ар кандай ой пикирлерди жараткан.

Биз менен аталган жайдын атайын өкүлү байланышып окуянын чоо-жайын атып берди.

“Биринчиден биз эч качан кардарларды улутуна, жашына, статусуна, жынысына карап бөлгөн эмеспиз жана бөлбөйбүз дагы. Болгону ошол күнү Раззаковы көчөсүндөгү жайга келген 2 чет элдик студент мындан мурун бизге караштуу дагы бир тамактануучу жайда достору менен эс алышып бирок акча төлөөдө чоң маселе жаратышкан. Аталган коноктордун сурөттөрү биздин жумуш тууралуу сүйлөшө турган атайын группага салынган. Мындан улам администратор дагы маселелер жаралбашы үчүн конокторду өткөнкү эстетип ынгайсыздык жаратпастан орун жок экенин айтып узатып койгон”, – деп билдиришти.

1a333247 a6cf 4efe 98b5 86e575beea44 edited "Social сofe": "Чет элдик 2 кыз мындан мурда жеген тамактары үчүн акча төлөбөгөндүктөн киргизилген эмес"

Ошондой эле, өкүл окуяга күбө болгон башка кардар окуянын чоо-жайын билбестен туура эмес маалыматты таратканын айтышты.

“Окуяга күбө болгон адам ошол замат 2 кызды эмне үчун киргизбей койгонун, бул кимдин чечими экенин администратордон кызыгып сураган эмес. Мындан улам анын жазганы коомчулукта ар кандай терс пикирлерди жаратты. Биздин тарапка айтылып жаткан терс сын-пикирлер орунсуз экенин белгилегим келет”, – деп кошумчалады.