“Бул тамактануучу жайга бойкот жарыялоо керек”. “Social Coffe” талкуу чордонунда

Көпчүлүккө белгилүү болгон “Social Coffe” тамактануучу жайы кайрадан талкуу чордонунда. Твиттер социалдык тармактын колдонуучусу аталган жайдын администратору 2 чет элдик кызды тагырагы Индиядан келген студент кыздарды киргизбей койгонун жазып калтырган.

Snimok 2021 11 18 14 37 52 884 "Бул тамактануучу жайга бойкот жарыялоо керек". "Social Coffe" талкуу чордонунда

Көп өтпөй интернет колдонуучулар билдирүүлөрдү калтырып бул туура эмес экендигин айтып чыгышкан. Колдонуучулардын арасында тамактануучу жайдын администрациясы кардар тандоо укугуна ээ экенин жазгандар да болгон.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн админстрация менен байланышканбызды азыркы тапта жоопту адам бошобой жатканын жана алар биздин суроолорубузга жооп бере албастыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, мындан мурда аталган тамактануучу жайлар качкын премьер-министр Данияр Үсөновдун үй-бүлөөсүнө таандык экени да айтылып көптөгөн талкууларды жараткан.