Анын үйүндө кароо жүргүзүү учурунда курал-жарактар табылып алынды.
Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Ак-Суу РИИБдин баӊги заттарын мыйзамсыз жүгүртүгө каршы аракет көрүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Теплоключенка айылынын 31 жаштагы тургунун аныкташып, анын жашаган жеринде мыйзамдуу кароо иштери өткөрүлгөн. Натыйжада, милиция кызматкерлери, баӊги затына окшош, полиэтилен баштыка салынган өсүмдүктү табышып алышкан. Андан сырткары, үйүнөн пневматикалык жана травматикалык тапанчалар, ошондой эле 2 пневматикалык мылтыктар да табылган.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган өсүмдүк, кургатылган марихуана баӊги затына кирери жана жалпы салмагы 550 граммга жакын экендиги аныкталды. Ал эми, алынган куралдар ички иштер органында катталбагандыгы белгилүү болду. Бул боюнча, соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.
Аталган факт, учурда Ак-Суу РИИБдин КЖБРде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө кызматы тарабынан, шектүү жарандын башка кылмыштарга тиешестиги бар, же жогу текшерилүүдө.