Текебаев менен Байсаловдун кармашы серепчилердин көзү менен

Жаңы түзүлгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык тармак боюнча орун басары Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңешке аттанып жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ортосундагы кайым айтышуу уланууда.

Мына ушул бир айдан ашык убакыт ичинде да аягына чыга элек болгон позиция талашы боюнча BULAK.KG сайты саясат таануучуларга кайрылып пикирлерин угуп көрдү.

Алмазбек Акматалиев – саясат таануучу:

Текебаев менен Байсаловдун талашы – бул саясий, идеологиялык талаш

1 6 Текебаев менен Байсаловдун кармашы серепчилердин көзү менен

“Социалдык маселелер боюнча Министрлер кабинетинин орун басары деген – бул саясий кызмат, саясий орун. Ички жана тышкы саясатты Конституция боюнча Министрлер Кабинети ишке ашырат, аткарат, чечим кабыл алат жана жооп берет. Саясат өзүнчө, экономика же соцтармак өзүнчө өмүр сүрбөйт жашоодо. Ошон үчүн Байсаловдун же Министрлер кабинетинин башка мүчөсүнүн негизги иши бул ошол тармактагы саясат. Маданият, экономика, коопсуздук, айыл чарба саясаты дегендей.

Азыркы жана мурунку бийликтин оппозициясы болуп ар дайым экономика, жашоо деңгээли, социалдык калыстык жана башка нерселер болуп келген. Конструктивдүү оппозиция да, куру кыйкырык менен алектенген оппозициябыз деген күчтөр да ар дайым болуп келген.

Текебаев өзүн жана партиясын азыркы бийликке оппозиция деп жарыялады. Эми, шайлоо жүрүп жатканда муну да туура кабыл алыш керек. Демократиялык мамлекетте бул кадыресе эле көрүнүш да. Маселе бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамиледе, ал мамиленин маданиятында жана деңгээлинде. Мен тең конструктивдик мамилени каалаар элем. Биз айтып жаткан эки белгилүү инсандын талашы бул жеке адамдардын талашы эмес. Бирөө парламенттик, экинчиси президенттик башкаруунун жактоочулары. Бул жеке талаш эмес, саясий талаш, керек болсо саясий идеологиялардын талашы.

Албетте, Текебаевге президенттик башкаруу жакпайт. Байсалов болсо, президенттик башкаруунун жактоочусу. Ошон үчүн бул талашты эки жеке адамдын талашына чейин түшүрбөшүбүз зарыл. Эл референдумда эки жолу президенттик башкарууну тандады. Эми иштеш керек. Бийликтин да, оппозициямын дегендердин да бир эле мамлекети бар. Ал Кыргызстан”.

Эмил Жураев – саясат таануучу:

Садыр Жапаровдун атынан сүйлөп, аны коргоо – Байсаловдун башкы милдети эмес

2 4 Текебаев менен Байсаловдун кармашы серепчилердин көзү менен

“Байсалов өз кызматына бекитилген күнү эле “Азаттык” радиосунун берүүсүнө келип, Текебаев менен тиреше кеткендиктен мындай кызыктуу бир диалог башталды деп ойлойм. Негизи бул адамдар бири-бирин өтө жакшы таанып, көп иштешкен кишилер.

Байсаловдун так белгиленген, өкмөттөгү чоң функциясы, орду бар. Акыркы бир-эки учурда Садыр Жапаровдун атынан сүйлөп, анын ишин коргоп, ишмердүүлүгүн түшүндүрүп берүү – бул Байсаловдун мойнундагы башкы милдет эмес. Шайлоонун алдында, үгүт иштери маалында азыркы аткаруу бийлиги жетекчиликти туура эмес нукка буруп, саясий кадамдарга тартып кирип баратат. Мындай кыймыл-аракеттер одоно жасалып жатат.

Ал эми, Текебаев толук бойдон каалаган сөзүн айтып, кимге эмне деп жооп берери өз эрки. Үгүт маалында партиялардын жетекчилери, талапкерлер айтчу сөздөрүн айтып эле жүрүшөт. Алардын сөзүнө ишенген киши ишенет, укканы угат, укпаганы тим эле коет. Эгер Текебаев тарабынан болобу, башка адам тарабынанбы президентке байланыштуу, кандайдыр бир зыянын тийгизүүчү сөздөр айтылып жатса, президент өзү же маалымат кызматы жооп бериши керек. Вице-премьер минстр президенттин таламын талашып, жөн жерден эле саясий риториканын үстүнөн кайым айтышууга кирүүсү туура эмес деп ойлойм.

Азыркы маалда калыптанган, бутуна бекем турган оппозиция жокко эсе. Башкача айтканда, мөөнөтү көпкө созулуп кеткен парламенттин ичинде оппозиция дээрлик калган жок. Ал жерде “Ата-Мекен”, “Бир Бол” же “Республика”  партияларына тиешелүү бир ууч депутаттар бар. Бирок, алардын оппозициялык маанайы учурда бекем деп айтууга болбойт.

Парламенттен сырткары майданда, албетте, чоң таанымал кишилер бар. Бирок, толук кандуу оппозиция катары иш алып барып, эффективдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү аз. Парламенттен тышкаркы айдыңда Өмүр Текебаев башкы оппозиция катары айтылышы керек. Ал киши мындай маанайын шайлоо алдындагы ар кандай интервью, сөздөрүндө билдирди”.

Эдил Осмонбетов – саясат таануучу:

Дүйнөлүк практикада бийлик адамдары оппозицияга жооп бербейт, дискуссияга чыкпайт

Edil osmonbetov Текебаев менен Байсаловдун кармашы серепчилердин көзү менен

“Мамлекеттик кызматта иштеген ар бир кызматкердин өзүнүн этикасы болот. Ошондой эле, алардын ар бири өзүнүн функционалдык түз милдетин аткарышы керек. Кыргызстандын соцтармагында нечендеген чечиле элек маселелер бар да. Дүйнөлүк практикада мамлекеттик чоң кызматтарда жүргөн кишилер оппозицияда жүргөн адамдарга жооп бербейт, дискуссияга да чыкпайт. Кыргызстанда да ошондой саясий маданият болсо жакшы болор эле.

Саясат таанууда “оппозиция” деген терминдин бир эле мааниси бар. Оппозициялык маанайдагылар тек гана сын пикирлерди айтып, дискуссияларга гана бара бербестен, тиешелүү программаларын да көрсөтүп, таанытышы керек. Бүгүнкү күндө мен оппозиция ким экенин так айта албайм. Текебаев менен Байсаловдун ортосундагы кайым айтышуу боюнча да баа бере албайм”.

Марс Сариев – саясат таануучу:

Балким Байсалов атайы резонанс жаратуу үчүн сүйлөп жаткандыр

mars sariev Текебаев менен Байсаловдун кармашы серепчилердин көзү менен

“Эдил Байсалов бейөкмөт секторунда иштеп, активист катары жүргөн киши эле. Менимче, ал мындай жарандык пикирин билдирип, сөздөрдү айтууга акысы бар. Бирок, өзү дипломат болгондон кийин катуу айтып жатканын туура эмес көрөм. Берген жооптору, кайрылуулары одоно болуп жаткандай. Балким, ал атайын резонанс болсун деп дал ушундай маанайда сүйлөп жаткандыр. Кандай болсо да, алардын саясатчы болгонун эске алып, өз позицияларын билдирип жатканы түшүнүктүү эле.

Эми азыркы бийликке ачык оппозиция жок деп эсептейм. Ооба, Текебаевде бөтөнчө бир позициясы бар, өлкөнү өнүктүрүүгө азыркы бийликтен айырмаланган концепциясы бар. Ошентсе да, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагындагыдай күчтүү оппозиция учурда жок. Себеби, азыр алардын колунда керектүү ресурстары жок болуп жатат. Садыр Жапаровду элдин көбү колдоп жатканына байланыштуу, оппозиция андай колдоону элден таба албай жетиштүү деңгээлде күчтөнө албай жатат.

Байсалов менен Текебаевдин ортосундагы катуу диалогдо Текебаев күчтүүрөөк позицияда деп айтса болот. Себеби, ким көбүрөөк куугунтукка кабылып, татаалыраак абалдагы оппозицияда болсо, драматургиянын негизинде эл алар тарапта болот. Байсалов бийликте болгону үчүн элдин көбү аны кошомат кылып жатат деп эсептеп жаткандай туюлууда”.

Табылды Акеров – тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу:

Өкмөт мыкты иштесе президентке эч ким сын айта албай калат

tabyldy akerov Текебаев менен Байсаловдун кармашы серепчилердин көзү менен

“Өкмөт мыкты иштесе президентке эч ким сын айта албай калат. Өкмөттүн колунан көп нерсе келет. Ошон үчүн ал өкмөт. Реформаларды тезинен жүргүзүп, элге ак кызматы менен иштесе, оппозицияны эч ким укпай калат.

Өзүңүздөр билгендей, соцтармактарда Кыргызстан “Мегаком” компаниясына байланыштуу Лондондогу эл аралык сотто утуптур деген маалымат тарап, бизди кубанткан. Мына ушундай иштерди, жыйынтыктарды көргөзүш керек.

“Ата Мекен” тубаса оппозициячыл партия. Аны баары билет. Буга чейин да бир нече жолу Өмүрбек Текебаев Жапаровдун бийлигине оппозицияда экенин жарыя кылып келген. Бирок, бүгүн андан башка да оппозициячыл партия катары көрүнгүсү келген партиялар да бар. Өз позицияларына ээ болгон айрым мындай партиялар бийликтен эгемен болууга умтулуп калганын көрсөтүүдө. Бул жакшы жышаан деп айтар элем. Бирок, ошол эле учурда кээ бирлери бийликчил катары көрүнүүгө да аракет кылып жатат. Негизи партиялар дайым эгемен саясат жүргүзүшү абзел. “Ата Мекендин” жеңиштеринин баары оппозициячыл позициясынан жазбагандыгынан улам болгон. Оппозициячыл партия бийликти чукуйт, реформаларга түртөт, иштетет”.

YouTube video