Бишкекте суицидке барган жаран куткарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Бишкекте өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаран куткарылганын кабарлады.

Маалымата айтылгандай, Свердлов районундагы Ибраимов көчөсүнүн жайгашкан «Ringo Trade» брокердик компаниянын имаратында эркек адам бычакты моюнуна такап өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

“Бирок куткаруучулар жеткенге чейин Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан”, — деп айтылат маалыматта.