
Жалал-Абад облусунда иске ууланган үч баланын сөөгү табылды.
Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя 13нөн 14-ноябрга караган түнү Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңгир айылында болгон.
Алдын ала маалыматка караганда, балдардын энесинин абалы өтө оор деп айтылууда.
Иске ууланып көз жумган балдардын улуусу 6 жашта, эгиздер төрт жашта болгон.