“Соттолуп кетесиңер”: Садыр Жапаров билдирүү таратты

Президент Садыр Жапаров өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирүү таратып, добуш сатып алгандар жана өз добушун саткандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертти.

“Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер”, – деди президент.

Ал ошондой эле, Жазык кодексинде ушундай берене бар экенин кошумчалап, шайлоочуларды: “добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла” деген.

“Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин”, деп жазылган кайрылууда.