Шайлоо-2021: үч талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Бул тууралуу маселе БШКнын отурумунда каралып, арыздарды канааттандыруу чечими кабыл алынган.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттыгына №32 Кочкор шайлоо округунан талапкер Азамат Мелисов, №25 Аламүдүн шайлоо округунан талапкер Эмил Чакибаев, «Аруузат – Эл Куту» партиясынан талапкер Жыргал Исмаилова тизмеден чыгуу боюнча арыз жазган.