Манас шаарында “Акылман” президенттик лицейи ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы “Акылман” президенттик лицейинин ачылыш аземине катышты.

Жаңы билим уясы 410 окуучуга ылайыкталган. Учурда үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7–8-класстарга кабыл алынды. Лицейде 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчасы бар. Балдардын билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө бардык шарт түзүлдү.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Адылбек Касымалиев жакшы имарат — бул биринчи гана кадам экенин, андан аркы сапарды мугалимдин эмгеги, окуучунун аракети жана мектептеги күчтүү билим чөйрөсү аныктарын белгиледи. 

Ал мугалимдерге өзгөчө милдет жүктөлөрүн баса белгилеп, ар бир баланын жөндөмүн ачып, өз алдынча ой жүгүртүүгө, изденүүгө, жаңы нерсе жаратууга үйрөтүү зарыл экенин айтты. 

Ошондой эле Адылбек Касымалиев президенттин тапшырмасына ылайык, “Акылман” лицейин бүткөн ар бир окуучуга адистикке ээ болгондон кийин жумуш менен камсыз кылууда артыкчылык берилерин эске салды. 

“Билимдүү, мекенчил жана намыскөй муун – биздин эгемендигибиздин эң бекем калканы. Ырыс алды – ынтымак. Элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун! “Акылман” мектебине ак жол каалайбыз!” – деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.